|
Укук чыгаруучулук
|
|
УКУК ЧЫГАРУУЧУЛУК – мамлекеттин ишмердигинин маанилүү тармактарынын бири. Арбир мамлекетте У. ч. өзгөчөлүктөргө ээ, бирок баардык жерде ал бирдиктүү коомдогу калыптанган мамилелерди жөнгө салуучу, бири-бирине ички карама-каршылыгы жок, макулдашылган ченемдердин тутумун түзүүгө жана өркүндөтүүгө багытталат. У. ч. мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары тарабынан; түздөнтүз эл тарабынан референдумдарды өткөрүү аркылуу ишке ашырылат. У. ч. өз ичине мыйзам чыгаруу ишин дагы камтыйт. Мыйзам чыгаруу ишин жүзөгө ашыруу тартиби КР мыйзамдарында аныкталган.
|